• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте “Жаңы жүздөр-жаңы күчтөр” деп аталган форум өтөт

10 Аяк оона 201915:30 Бишкек Govori.TV

Бишкекте “Жаңы жүздөр-жаңы күчтөр” деп аталган форум өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Аладын айтымында, форумдун максаты өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды анализдеп, саясий кырдаалга баа берип, мамлекетти мындан ары өнүктүрүп кетүүнү талкууга алат.

«Форумга Кыргызстандын бардык региондорунан жана чет өлкөдө убактылуу эмгектенип жүргөн мекендештердин да өкүлдөрү катышат.

Форумдун дагы бир негизги максатынын бири өлкө үчүн татаал маселелерди ишке ашыра ала турган, буга чейин белгисиз инсандарды коомчулук менен тааныштыруу»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган форум 12–сентябрда саат 10:00до “Достук” мейманканасында өтөт.

Количество просмотров: 116