• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте жаңы жол жана көпүрө курулат

4 Чын куран 2024 17:32 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн «Газпром» мектебине чейин улантуу жолунун курулушу башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, жол Жукеев-Пудовкин көчөсүндө Токомбаев көчөсүнөн «Газпром» мектебине чейин курулуп, ТБЧК үстүндөгү көпүрөнүн курулушу менен узундугу 1200 метрди түзөт.

Келечекте Куттубаев көчөсүнөн «Маариф» мектебине чейин жаңы көчө пайда болот, ал эми Молдобосанов көчөсү Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин уланат.

Ошондой эле Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Байтик баатыр жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн бириктире турган көчө курулат.

Жолдор курулуш компанияларынын салымынын эсебинен курулуп, 240 млн сомго жакын каражат каралган.

Количество просмотров: 153