• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте жаа атуу боюнча II эл аралык мелдеш башталат

3 Аяк оона 2019 11:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-сентябрда жаа атуу спорту боюнча коомдук ишмер Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган II эл аралык мелдеш башталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке Кыргызстандан 10 жаачы күч сынашат. Андан тышкары, Азербайджан, Бангладеш, Бириккен Араб Эмираттары, Грузия, Казакстан, Кувейт, Орусия, Өзбекстан, Судан жана Тажикстандан келген мергенчилер катышат.

Белгилей кетсек, Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш эки жылда бир өткөрүлүп келет. Ал эми 6-сентябрда саат 10:00дөн 13:00гө чейин финалдык мелдеш орун алат.

Количество просмотров: 43