Бүгүн Бишкекте жааган жаандын кесепетинен шаардын ар кайсы жеринде жол кырсыктары катталып, унаа жолдорунда тыгындар пайда болду.
Алардын бири, Бишкектеги Турусбеков менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде «Тез жардам» унаасы менен жеңил унаа кагышты.
Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгы бүгүн саат 18:00 чамасында болгон.
Ал эми Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымат такталып жатканын кабарлашкан.

Ал арада АКИпресс агенттиги Бишкек шаарындагы Гагарин менен Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде 2 унаа кагышканын жазды. Окуя бүгүн, 4-ноябрда саат 18:30 чамасында болгон.
Маалыматка ылайык, «Тойота Ленд Крузер Прадо» менен жеңил унаа кагышкан. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жаралган унаа тыгындарынын видеолору менен бөлүшүштү.
Алардын бири, интернет колдонуучу Расул Мурат: «Киев менен Абдрахманов (Совет) көчөлөрүнүн кесилишинде машина жылбай калыптыр. Эмнеге жаан жааса эле автотыгын болуп калат?», — деген суроо менен видео жайгаштырган.
https://m.facebook.com/rasulmurat/posts/10157762214089250?d=m&vh=i