• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бишкекте жаранды оңдоп жаткан унаасы басып калды

11 Үчтүн айы 2022 9:12 Бишкек Govori.TV

Бишкекте куткаруучулар оңдоп жаткан унаасы басып калган жаранды куткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январда Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунун Кербез көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда 1985-жылы туулган А.А аттуу эркек киши Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унааны оңдоп жаткан учурда домкраты бузулуп, басып калган.

«5 куткаруучу ыкчам түрдө жерине барып, жардам көрсөтүү менен адам өмүрүн сактап калышты»,-деп айтылат маалыматта.

Жабыркаган жаранды куткаруучулар Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришкен, абалы оор.

Количество просмотров: 701