• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте жаш кызды зордуктоого аракет кылган үч жигит кармалды

5 Жетинин айы 2020 10:25 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 20 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган үч жигит кармалганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда болжол менен саат 13:37де «102» кызматына Көлмө жаңы конушунан зордуктоого аракет кылынганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган.

Анда 20 жаштагы Т.Н. аттуу кыз ошол эле күнү белгисиз адам аны зордуктоого аракет кылганын айтып, арыз жазган. Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, шектүү катары 23 жаштагы О.Б. аттуу жаранды кармашкан.

Текшерүү учурунда шектүү жарандын жанынан белгисиз маркадагы тапанча табылган. Ошондой эле шектүү жаран менен бирге 22 жаштагы Т.А. жана 21 жаштагы К.Н. аттуу жарандар мас абалында кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Аталган факты боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 51