• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте жаштар ала качууга каршы чыгышты

6 Кулжа 2018 15:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.06.2018.Govori.TV.

Бүгүн, 6-июнда борбордук Ала –Тоо аянтында “Биз жаштар кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз” – деген аталыштагы флешмоб болуп өттү. Иш чара “Enactus-Кыргыз өлкөсү” уюму жана билим берүү жана илим министрлиги менен жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана “Бишкек 140” уюмунун демилгеси менен уюштурулган.

Флешмобго Бишкек шаарындагы Жогорку окуу жайларынын жана колледждердин студенттери жигердүү катышып кыз ала качуу жана эрте турмуш куруу маселеси тууралуу өз позицияларын билдиришти. Кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусунда чакан концерттик программа көрсөтүлүп, Жогорку Кеңештин жаш депутаттары Жанар Акаев менен Айсулуу Мамашева сөз сүйлөшүп, Кыргызстандагы кыз ала качууну токтоотуу тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы жана анын тез арада иштей башташы кыз-келиндердин кордолушун жок кылаарын баса белгилешти.

Бүгүнкү күндүн көйгөйлүү курч проблемасына каршы күрөшүү жөнүндөгү флешмоб жаштардын деми жана “Ыймандуу жаштар жаркын келечекти тандайт!”, “Кыз ала качуу бул – кылмыш!”, “Жаркыраган келечек жаштардын колунда!” — аттуу кыз ала качууга каршы үндөгөн ураандар менен коштолуп, аягында жаштар асманга аба шарларын учурушуп, жакында кыз ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайды эскеришти.

Эске сала кетсек , 27- майда Чүй ОИИББинин кызматкерлери тарабынан Сосновка айылындагы өтмөктөн кыз уурдап бара жаткан унаа токтотулган. Кармалган адам Марсбек Б. менен ала качууга дуушар болгон кыз Бурулайды керектүү документтерди толтуруу максатында милиция кызматкерлери Жайыл РИИБине жеткирген. 29 жаштагы кармалган жаран милиция бөлүмүнөн 20 жаштагы Бурулайга бычак сайып, кыз алган жаракаттардын кесепетинен оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

Количество просмотров: 29