• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Бишкекте жеңил унаа троллейбусту сүзүп, эки адам жабыркады

1 Жалган куран 202313:44 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн таңкы саат 06:30да Юнусалиев жана Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус жана Honda Fit автоунаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын эки жүргүнчүсү жабыркаган: 2002-жылы туулган К.А. жана 2001-жылы туулган У.И.

Алдын ала маалыматка ылайык, Honda Fit автоунаасынын 1987-жылы туулган айдоочусу жол эрежесин бузган.

Учурда эки транспорт тең айып короосуна токтотулган.

Количество просмотров: 183