• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бишкекте жетинчи кабаттан 14 жашар өспүрүм секирип кетти

14 Тогуздун айы 201916:04 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Никитин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жетинчи кабатынан 14 жашар өспүрүм секирип кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя 11-октябрда болгон. Аталган өспүрүм алган жаракатынан улам эсине келбей каза тапты. Учурда өспүрүм мындай окуяга кабылышына эмне себеп болгону аныкталууда.

Айрым маалымат каражаттары каза болгон өспүрүм достору менен бирге дүкөндөрдүн биринен шоколад уурдаганы билинип калган соң ушундай кадамга барган деп жазып чыккан. Бирок мындай маалыматты милиция бышыктай элек.

Количество просмотров: 52