• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте жигит кызды бычактап, андан соң өзүнө бычак сайган

5 Бугу 2022 20:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жаш жигит кызды бычактап, андан соң өзүнө бычак сайган. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 4-майда РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чүй проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде белгисиз жигит кызды өлтүрүп салганы тууралуу маалымат түшкөн.

Ошол замат Свердлов РИИБнин тергөө-ыкчам тобу чакыруу болгон жерге жөнөп, ал жерге келген учурда жаран 1997-жылы туулган Ч.Д. кызганычтын айынан 1997-жылы туулган Д.А.нын мойнуна бычак сайып, андан кийин болжол менен өзүнүн мойнуна бычак сайган. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, бирок ооруканага бара жаткан жолдо жаран Д.А. алган жараатынан улам каза болгон, жаран Ч.Д. комада ооруканага жаткырылып, учурда ал жерде кайтарууда жатат.

Бул факты Свердлов райондук милициясына КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен катталып, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 417