• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте жол акыга 20 сом алган айдоочуга айып салынды

14 Баш оона 202016:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдөн жол акысына 20 сомдон алган №212 кичи автобустун айдоочусуна 8 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматына таянып, АКИpress агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, кичи автобустун айдоочусу И.О. саат 23:00дөн кийин жүргүнчүлөрдү ташып, жол акысына 20 сомдон алган.

«Айдоочуга карата 2 протокол түзүлүп, 8,5 миң сом айып пул салынды», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда  айдоочу көрсөтүлгөн убакытта иштеген эместигин айткан. Анын айтымында, Сокулуктан Бишкекке келе жатып кичи автобуска жолдогу адамдарды салып алган.

Количество просмотров: 342