Бишкек шаарында жол эрежесин бузган 6334 факты катталды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эреже бузган айдоочулардын 96сы мас абалында, 11и терезеси караңгылатылган унаа айдап, 62си айдоочулук күбөлүгү жок, 156сы унаа каттоо тартибин бузуп кармалган.
Ал эми 5785и башка эреже бузуулар боюнча кармалып, 516 унаа айып жайга токтотулган.