• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Бишкекте жол инспектору кесиптешине айып салды. Видео

17 Бирдин айы 2019 15:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.02.2019.Govori.TV.

Интернетте Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери өз кесиптешине жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып салган видео тарады.

Кадрларда көрүнүп тургандай, активист Киев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа токтотуу эрежелерин бузуп токтоп турган инспекторго барып, анын катачылыгын айтат. Андан соң видеонун автору экипаждын улук инспекторуна кайрылып, өз кесиптешине протокол түзүүсүн суранат.

Жыйынтыгында жол милициясы автокөлүктү туура эмес токтоткон кесиптешине айып пул салып, эми ал 1000 сом төлөмөй болду. Унаа дагы жол эрежелерине ылайык туура жерге токтотулду.

Эске салсак, дал ушундай окуя былтыр Ысык-Көл облусунда болгон. Анда Тору-Айгыр айылында милиция кызматтык унаасын туура эмес жерге токтоткону үчүн инспектор кесиптешине айып салып, жарандын талабы менен протокол түзгөн.

Количество просмотров: 8