Бишкектин Масалиев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Окуянын кесепетинен беш адам жабыркап, экөө каза болгон. Бул тууралуу Тез жардам борборунун бейрасмий баракчасында маалымдалат.
Маалыматка караганда, кырсык 27-февралда болгон.
«Кырсыктын кесепетинен Honda Stream унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде, Honda Fit унаасынын айдоочусу ооруканада каза болгон. Калган жабырлануучулар ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.