• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

КамАЗ №169 маршрутканы сүзүп, 1 адам каза болду. Жабыркагандар бар

19 Теке 2023 12:56 Бишкек Govori.TV

Бишкекте КамАЗ жүргүнчү ташыган №169 маршрутканы сүзүп, 1 адам каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, кырсыктан жалпы 24 адам ооруканага жеткирилген. 4 адам жандандыруу бөлүмүнө түшүп, алардын үчөөсүнүн абалы оор. 1 адам каза болгон.

 «Калган 7 киши амбулатордун дарыланууга жөнөтүлдү»,- деп жазылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда №169 кичи автобус менен КамАЗдын катышуусундагы үрөй учурган жол кырсыктын видеосу тараган.

Количество просмотров: 202