• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кырсыкта айдоочу унаага кыпчылып калган (видео)

16 Бугу 2023 13:53 Бишкек Govori.TV

Жол кырсыгынан улам унаага кыпчылып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-май күнү кечки саат 21:00 чамасында Чүйдүн Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсүндө жолдун боюнда Hyundai портер үлгүсүндөгү автоунаанын ээси рулга ээ боло албай бакты сүзгөн. Натыйжад айдоочунун буту кыпчылып калган.

«Чалуу болгон жерге ыкчам түрдө Бишкек шаарынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу барып, 1982-жылы туулган Н.К. аттуу жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына тапшырып беришти. Жабыркаган жарандын абалы канааттандырарлык»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 236