• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бишкектеги жол кырсыгында жабыркагандардын абалы айтылды

28 Жетинин айы 202212:02 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Govori.TVга Клиникалык тез жардам ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Талант Сарымсаков билдирди.

«Ооруканага жаракат алып, 2 жаран кайрылган. Н.А. аттуу айымдын баш мээси чайкалган, учурда бизде дарыланууда. Ал эми Ш.А. аттуу мырза үйүнө жөнөтүлгөн»,-деди ал.

Эске салсак, 28-ноябрь болжол менен саат 14:00дө Киев-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, жеңил автоунаанын айдоочусу № 129 маршрутканы сүзүп алган.
Кырсыктан маршрутканын төрт жүргүнчүсү жабыркаганы кабарланган. Эки унаа тең айып короо жайына киргизилип, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Количество просмотров: 202