Бишкек шаарындагы Чолпон-Ата көчөсүндө жол кырсыгы катталып, жаш кыз каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн,24-августта саат 15:20 чамасында Чолпон-Ата көчөсүндө болгон. “Субару Легаси” жана «Мерседес Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаалары кагышып, анын кесепетинен жаш кыз каза болгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.