• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкекте жол сызыктары жаңыланууда

3 Чын куран 2024 15:45 Бишкек Govori.TV

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда иштер Ч.Айтматов проспектисин бойлой резиденциядан Жибек-Жолу проспектисине чейин жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында төмөнкү кесилиштерде үзүк-сызыктар жана түз сызыктарды жаңыланды:

  • Фучик – Жибек-Жолу;
  • Алыкулов — Дэн Сяопин;
  • Дэн Сяопин — Кустанай.

Мындан тышкары, Гагарин жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн боегу жаңыланууда.

Төмөнкү кесилиштерде жол чийиндерин жаңылоо аяктады:

  • Орозбеков – Фрунзе;
  • Раззаков – Абдымомунов;
  • Орозбеков – Абдымомунов;
  • Чүй — Т.Айтманов;
  • Чүй – Орозбеков;
  • Эркиндик – Чүй;
  • Айни – Шота Руставели;
  • Логвиненко — Чүй.

Ошондой эле «Ала-Тоо» аянтындагы жана эски аянттагы бардык жол чийиндери жаңыртылды.

Количество просмотров: 66