Бишкек шаарындагы эксперименттик тез курулуучу 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы пайдаланууга берилди.
Оорукана Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан 77,5 млн сомго каржыланды. Бишкек шаарындагы оорукананын курулушу 2020-жылдын 25-июлунда башталып, 100 орунга эсептелинген. Меджардам көрсөтүүчү жай зарыл болгон жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалган: 180 меджабдуу, анын ичинде керебет, компьютердик техника, мобилдик рентген аппараты, портативдик УДИ аппараты, жасалма дем алдыруучу аппараты, ВИПАП аппараттары жана башкалар менен жабдылган.
Булак: Кабар.