• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте жылуулук бериле баштайт

8 Тогуздун айы 2020 14:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардагы үйлөргө жылуулук берүү тапшырмасын койду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мэрияда саат 15:00дө жыйналышта жылуулук берүү маселеси каралат. Буйрук чыкса эле шаар тургундарына жылуулук берилет.

Белгилей кетсек, жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектеп, бала бакча, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Андан кийин жылуулук энергиясына карызы жок  турак үйлөргө, өндүрүш мекемелерине, уюмдарга бериле баштайт.

Количество просмотров: 89