Бишкекте жайгашкан №1114 шайлоо тилкесинде электрондук үкөк иштебей калды. Бул тууралуу шайлоочулар социалдык тармак аркылуу кабарлашты.
«Биз жаңы эле шайлап чыктык 8 мкр УИК 1114 АСУсу иштебей анан ошол жерде иштеген бир аял мындай эле салып койгула да деп айтты эле, элдер андай болбойт АСУ эсептеш керек деп күтүп калдык, анан чукулап чалып иштетишти. Кайрат Маматов негизи ушундай учурда крышкасын ачып салып койсо болобу?», — деп жазган шайлоочу.