Борбор калаадагы №5 балдар бакчасы бүгүн балдарды кабыл албай койгон. Бул тууралуу фейсбук колдонуучу Асел Өмүракунова жазды.
Өмүракунованын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 30-январь күнү эртең менен Бишкектеги №5 балдар бакчасы балдарды кабыл албай койгон. Мындай көрүнүштү алар карантинге байланыштуу деп түшүндүрүшкөн. Бала бакчага балдарын эртең менен жеткирип келген ата-энелер аларга карантин тууралуу эч ким эскертүү бербегенин айтышкан.
Ал эми катталган окуя боюнча мэрияга байланышканыбызда бул тууралуу расмий маалыматты кйин бере турганын билдиришти.
Эске салсак, 14-январда ата-энелер борбор калаадагы №5
балдар бакчасынын жетекчиси Динара Мазымканованын ишмердигине нааразы болуп, Бишкек
мэриясынын имаратынын алдына митингге чыгып, балдары начар шартта тарбияланып
жатканын айтып, Билим берүү жана илим министрлигине даттанышкан. Мекеме
бул ишти териштирүүнү мэриянын алдындагы Билим берүү башкармалыгына тапшырган.