• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкектеги автобустардын айдоочусунун 188и жол эрежеси боюнча тапшырган сынактан өтпөй калды

21 Тогуздун айы 2019 12:39 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги автобустардын 343 айдоочусунун 188и жол эрежеси боюнча тапшырган биринчи сынактан өтпөй калды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, экзамен 9-11-октябрь күндөрү болуп, ага 24 айдоочу жүйөлүү себептерден улам келе албай калган. Ал эми биринчи сынактан кулап калган 188 киши 15-16-октябрда кайра экзамен тапшырып өткөн.

3-октябрда Сокулук районунда 5-класстын окуучусу №18 автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип мерт болгон. Бала автобустун алдыңкы эшигинен чыгып баратып кийими машиненин эшигине илинип калган. Ошол учурда айдоочу ал баланы байкабай калып, автобусту бир нече метрге чейин айдап кеткен. Тестиер автобустун арткы дөңгөлөгүнө тебеленип калган. Автобустун айдоочусу камакка алынган.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы кабарлагандай, баш калаада 109 кичиавтобустук, 11 автобустук жана 11 троллейбустук каттам бар.

Мында муниципалдык 140 автобус, 145 троллейбус жана менчик 2100 кичиавтобус иштейт.

Количество просмотров: 67