• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бишкектеги ишембиликте 270 тонна таштанды чыгарылды

1 Чын куран 2024 10:41 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги ишембиликте 615 бак олтургузулуп, 270 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Ага 507 мамлекеттик, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана чарбалык субъекттердин 15 миңден  ашык кызматкерлери катышты.

Тазалоонун жыйынтыгы боюнча:

— Ленин району: Жалпы шаардык ишембиликке 5190 адам катышып, 330 түп бак-дарак отургузулду, 17 даана атайын техникалар тартылды.
— Октябрь району: шаарды жашылдандырууга 2825 жаран катышып, 130 түп бак-дарак отургузулду, 19 даана атайын техникалар тартылды.
— Биринчи май району: Жалпы шаардык ишембиликке 3709 адам активдүү катышып, 80 түп көчөт отургузулду, 17 даана атайын техникалар тартылды.
— Свердлов району: 3375 адам катышып, 75 бак-дарак отургузулду, 8 бирдик атайын техника колдонулду.

Тазалоо учурунда чогулган таштандыларды чыгаруу иштери уланууда.

Эске сала кетсек, 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган. Ишембиликке катышпагандарга айып пул салынат.

Количество просмотров: 44