• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкектеги ижарага кеткен 84 гектар жердин тагдыры иликтенет

23 Чын куран 2018 8:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.04. 2018. Govori.TV

“Акыркы беш жылдын ичинде Бишкек шаарын аймагынан ижарага берилген 84 гектар жердин мыйзамдуулугу иликтенип, жыйынтыгында шаардык кеңеш чечим кабыл алат”. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, “Республика-Атажурт” фракциясынын мүчөсү Канатбек Мурзалиев билдирди.

Анын айтымында,  жакында ЖКда бул маселе көтөрүлүп, депутат Акылбек Жамангулов акыркы беш жыл ичиндеги мэрлердин ишмердигин карап чыгуу тууралуу айтып чыккан.  “Ошондон улам, шаардык кеңештин депутаттарынан тартып, мамкаттоо кызматы, архитектура, экотехинспекция, муниципиалдык менчик башкармалыгынан курамына кирген кеңейтилген  комиссия 84 гектар жер тилкеси кандай жол менен канча жылга  кимдерге берилгенин аныктап, ижара ээлери жерди кандай падайланып жатканына жеринде иликтөө жасайбыз. Ижара алган жерлерге эгер туруктуу турак-жай имараттары салынган болсо, мыйзамдуулугу боюнча тиешелүү органдарга жиберилет”,-дейт шаар депутаты.

Эске сала кетсек, буга чейин ЖКнын депутаты Таабалды Тиллаев Бишкектин Тынчтык проспектисинин жогорку бөлүгү, “Манас” айылынын тушундагы муниципиалдык менчик жерлерге көпр кабаттуу үйлөр мыйзамсыз түшүп жатат деп билдирүү жасаган.

Количество просмотров: 32