Бишкектеги медициналык колледждин директору пара алып жаткан жеринен кармалды
Бишкектеги медициналык колледждин директору пара алып жаткан жеринен кармалды
21 Аяк оона 2018 11:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.09.2018. Govori.TV
Бишкек шаарындагы медициналык колледждердин биринин директору мыйзамсыз акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдирди.
Маалыматка караганда, 10-сентябрь күнү окуу жайга кабыл алуу үчүн колледждин директору 25 миң сом талап кылып жатканын Финполицияга айтып, студент кайрылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 225-берененин 2-бөлүмүнүн (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) негизинде кылмыш иш козголуп, 12-сентябрында ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө медициналык колледждин директору 25 миң сом алып жаткан учурда кармалды.