• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги реабилитациялык зоопаркка арстандын оорулуу баласын таштап кетишкен

7 Бештин айы 202416:37 Бишкек Govori.TV

Реабилитациялык зоопаркка арстандын оорулуу баласын таштап кетишкендигин Kaktus.media жазып чыкты. Алардын жазганына караганда, зоопарк кассасына кичинекей жаныбарды атайын салып жүргөн себетке салып таштап кетишкен. Ал болжол менен 5-6 айлык, абалы начар болгондуктан чоңоюшу жай.

Кичинекей жаныбардын ичегилери ооруйт, артрити жана кулагында инфекция бар. Аны жакшылап дарылагандыктан азыр абалы орто. Ага узак дарылоо жана калыбына келүү талап кылынат. Арстандын баласын Лея деп аташкан.

Зоопаркта иштеген Андрей аны абдан жакшы багып, ичин укалап, ар 3 саат сайын тамак берип турат.

Зоопарк аны багуу үчүн жардамга муктаж экенин билдирип, финансы каражаттары үчүн төмөнкү реквизиттерин калтырган.

  • «МБАНК»: 996556666602
  • «Оптима Банк»: 4169 5853 4596 1030
  • «Бакай Банк»: 4714 2400 6372 3937
Количество просмотров: 205