• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Адвокат Самат Матцаковдун үй-бүлөсү, үч баласы жардамга муктаж

6 Бештин айы 202410:28 Бишкек Govori.TV

Ишкер Имамидин Ташовду, акын Аскат Жетигенди, Темиров лайвдын журналисттери Актилек Капаровду, Акыл Орозбековду коргоп келген адвокат Самат Матцаков ушу тапта өзү айыпталып абакта кармалууда.

УКМК анын камакка алынышын коррупцияга, алдамчылыкка жана жасалма документ жасоого байланыштуу экендигин, Матцаков сот органдарындагы байланыштарын колдонуу менен 22 миң долларды алып алгандыгын билдирген.

Бүгүн 6-декабрда «Кылым шамы» коомдук уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармактардагы баракчасына С. Матцаковдун үй-бүлөсүнүн абалы тууралуу маалымат жарыялады.

Анда адвокаттын алты, төрт жана бир жаштагы жаш балдары бар экендигин, аялы жалгыз кыйналып жаткандыгын, логопедге барып жаткан баласы финансылык тартыштыктан улам ага бара албай калганы, балдар азыр ооруп жаткандыгы айтылган.

Адвокат Самат Матцаковдун өз үйү, машинеси жок экендиги белгилүү болду.

Гүлшайыр Абдирасулова С. Матцаковдун аялына бала багуучу керек экендигин, ошондой эле тамак-ашка жана башка оокаттар үчүн акча каражатынан жардам керектигин, каалоочулар болсо аны менен байланышуусун суранган.

Количество просмотров: 188