• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Бишкектеги ресторандын имаратында үчүнчү түнкү стационар ачылды

17 Теке 202017:08 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги ресторандын имаратында үчүнчү түнкү стационар ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калаадагы эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда.

Бүгүн Октябрь районун аймагындагы Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан «Салтанат» ресторанында 45 орунга ылайыкташтырылган түнкү стационар «Талас жаштар ынтымагы» уюмунун колдоосу менен ачылды. Бул жактан шаар тургундары кечки саат 21:00дөн 9:00гө чейин алгачкы медициналык жардамды, ийне, капельница жана медициналык кеңеш ала алышат.

Мындан тышкары, борбор калаада ооруган жарандарды дагы эки түнкү стационар кабыл алууда. Алар: 7-кичи райондогу «ДСК» спорт комплекси жана Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Консул» рестораны. Мында жалпысынан 220 орундук даярдалган.

Количество просмотров: 109