«Супер инфо» гезитинин «Элдик кабар» бөлүмүнө окурман «Бишкектеги СЭЗде иштеген 2 Кытай жаранынын дене табы көтөрүлүп, ызы-чуу түшүп ооруканага алып кетишти», — деген кабар жөнөткөн. Бул тууралуу аталган басылма жазып чыкты.
«Мен Бишкектеги «Манас» аэропорту жакта жайгашкан Эркин экономикалык зонада (СЭЗ) иштейм. Бул жакка Кытайдын Ухан провинциясына жакын жайгашкан аймакта жашаган Кытай жарандары келишкен. Кытайларды кантип өткөрүп жиберишкендигин билбейбиз. Акча менен кирген деп жатышат. Алар азыр бир фирманын ичинде камалып отурушат. 11-февралга караган түнү саат 02:30 чамасында 2 Кытай жаранынын дене табы көтөрүлүп, ызы-чуу түшүп ооруканага алып кетишти. Бизге ким жардам бере алат? Коркконунан кыргыздар жумуштан чыга баштады. Коркконумдан сиздерге жазып жатам», — деп кайрылган окурман.