• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

12 Бугу 2021 22:06 Бишкек Govori.TV

12-майда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов шаардык кеңешке катышкан 25 партия шайлоо өнөктүгү учурунда, добуш берүүдө кетирген мыйзам бузуулары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары талкууланды.

Буга чейин 30 тилкедеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Бул шайлоонун үчтөн бир бөлүгүн түзүп, жалпы жыйынтыкты жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондо 60 миң добуш жараксыз деп табылды, бул жалпы добуштардын 45 пайызын түздү.

Буга чейин Ош жана Токмок шаарындагы шайлоолор да жокко чыгарылган.

Количество просмотров: 198