Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.
Айни менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги гүлбакчадан шам чырактарды талкалап кетишти. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Бишкексветтин кызматкерлери сырткы жарыкты дароо калыбына келтирип, 65 лампа жана 12 шар жарык бергич алмаштырылган. Мэриядагылардын айтуусу боюнча шам чырактарды талкалап кеткен көрүнүштөр алгачкы окуя эмес.
Муниципалитет шаардын мүлкүнө аяр мамиле кылып, ээнбаштык кылбоого чакырат.