• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Бишкектеги түнкү стационарлардын иш убактысы өзгөрдү

16 Теке 202014:54 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги түнкү стационарлардын иш убактысына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын пресс-кызматы билдирди.

Анын айтымында, учурда түнкү стационарлар бир саат мурун ачылып, 20.00дөн 8.00гө чейин иштешүүдө. Күндүзгү ооруканалардын иш убактысы өзгөргөн жок: 8.00дөн 20.00гө чейин иштешет.

Мэрия Бишкек шаардык кеңешинин колдоосу менен Жал кичи районундагы № 95 мектептин базасында кошумча күндүзгү стационар ачылып, 37 орун даярдалганын кошумчалады.

Кара-Жыгач конушунда жайгашкан «Салтанат» ресторанынын базасында дагы 50 орундуу стационар ачылууга даярдалып жатат», — деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Количество просмотров: 218