Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүнүн Орозбековдон баштап Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылды.
Эске салсак, аталган көчөдөгү кыймыл 27-июлдан 30-августка чейин ремонт иштеринен улам чектеле турганы айтылган.
Айтылгандай, жылуулук түйүндөрүн күз-кыш мезгилине даярдоо иштери жүргүзүлөт.
«Бишкек жылуулук түйүнү» ишканасы айдоочуларды кошумча башка жолдор менен жүрүүгө чакырат.