Бишкектеги Мурас-Ордо жаңы конушунда 13 жаштагы өспүрүм дүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги укук коргоо органдарындагы жеке булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, бүгүн, 17-мартта саат 12:00дөр чамасында милицияга Мурас-Ордо конушундагы үйдөн баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу чалуу келип түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, бала киши колдуу болуп көз жумган.
Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү тергөө жана ыкчам издөө иштери жүргүзүлүүдө.