Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.
Бишкекте жаңы парктын аймагына мультфильмдердеги жаныбарлардын 30дан ашуун фигуралары коюлду. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
«Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишиндеги парктын курулушу соңуна чыгып , бүгүнкү күндө көрктөндүрүү иштери жасалууда. 30дан ашуун жан-жаныбардын фигурасы парктын жалпы аймагына орнотулду. Мультфильм каармандарын шаардыктарга жеке компания белек кылган»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, фигураларды жасап орнотууга 200 миң сом каражат сарпталган.