Жарылуунун кесепетинен бир аял каза болгонун Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Govori.TVга билдирди.
Маалыматка ылайык каза болгон жаран аталган жайдын кызматкери болгон.
Эске салсак, Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез тамактануучу жайынын имаратынан 3 жолу жарылуу болгон. Бул маалыматты өрткө күбө болгон окурмандар билдирди. Айрымдар газ жабдыктары жарылды деп болжолдоп жатышат.
Имаратта өрт чыккан учурда ичинде кызматкерлер жана кардарлары бар болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы 13 адам жаракат алды. Алардын арасында жаш балдар дагы бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча өрт тууралуу чакыруу бүгүн, 8-ноябрда саат 13:42де болгон.