• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бишкектеги жер өтмөктөрдү оңдоп-түзөө иштери боюнча тергөө башталды

21 Баш оона 2019 10:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.08.2019.Govori.TV.

Бишкек мэриясына караштуу ККБ жер алданынан жана жер үстүнөн жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөрдүн капиталдык ремонт жүргүзүүдө иштин баасын жогорулатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

2019-жылдын 14-августунда Бишкек шаарынын прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Такталгандай, 2018-жылы Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Чүй проспектиси жана Абдырахманов көчөсү, Манас жана Чүй проспектилериндеги жер алданынан жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөрдүн жана ошондой эле Курманжан Датка (Аламедин базары) жана Шабдан баатыр (Мадина базары) көчөлөрүндөгү жер үстүнөн жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөрдүн капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү боюнча өткөрүлгөн сынактарына текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 498,9 миң сом суммасында иштин баасын жогорулатуу боюнча факт аныкталып, 122,3 миң сом акча каражатына кылынуучу иштер ортомчулар тарабынан четтетилген.
Ошентип жалпысынан Бишкек шаарынын казынасына 376,6 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Ошондой эле, 2018-жылы Бишкек шаардык прокуратурасынын текшерүүсүнүн негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын 7 кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.
Сотко чейинки өндүрүш иши учурда КР УКМК өткөрүлүп берилди.
Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 3