• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкектеги жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды

25 Баш оона 202011:19 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-август күнү саат 14:29 чамасында Свердлов районундагы Ч.Валиханов (Чолпон-Ата) жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде “Субару Легаси” жана “Мерседес Бенц Гигант” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен жеринде 1 эркек киши, ооруканадан 2 киши каза болгон, 2 адам жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда). Кырсык болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 1242