• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Бишкектеги жол кырсыгынан 4 киши жабыркады

15 Жалган куран 202014:06 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 14-мартта таңкы саат 04:35 чамасында Бишкек шаарындагы Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсык болду. Окуя болгон жерден тартылган видеону «Репортерго» күбө жөнөттү.

Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына караганда, «Самсунг СМ5» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу темир тосмо менен бакты сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылган.

Унаа айып короосуна жеткирилип, кырсыктын чоо-жайы териштирилип жатат.

Количество просмотров: 58