Бишкек.24.06.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарынын жашоочулары үйлөрүн канталалар каптап жатканын билдиришкен. Бирок, курттар адамдын ден соолугуна коркунуч алып келбей турганын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Шаарды каптаган курттар эл арасында аны сасык-кантала деп аташат. Канталалар ачык жашыл жана күрөң түстөрдө болуп, күн ысып, кургак аба ырайы башталган мезгилде өзүнөн-өзү жоголо турганын мэриядан айтышкан.
Андан тышкары, муниципалитет шаардын жашоочуларына терезелерге атайын торлорду коюп, курт-кумурскаларга каршы атайын дарыларды үйгө чачып турууну эскертти.