• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бишкекти мал басты. Борбордун көчөлөрүн аралап жүргөн жылкылардын ээси изделүүдө

9 Бирдин айы 2018 17:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.02.2018.Govori.TV.

9-февралда Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө бош жүргөн жылкылар байкалган. Алар көчө аралап жургөн кезде, шаар тургундары милиция кызматкерлерин чакырышкан.

Малдар Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди. Учурда ээн жүргөн жаныбарлардын ээси изделүүдө.
Эскерте кетсек, 2017 жылы Бишкетин чок ортосунда, бош уй милиция кызматкерине кол салып, качып кеткен. Малды кармаганга милиция тарабынан кошумча күч тартылган.
Бирок ошол кездеги уйга караганда, бүгун кармалган жылкылар маданиятту болуп, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн эмес.

https://www.facebook.com/bolot.ibragimov/videos/vb.100005323411869/737487366438704/?type=2&video_source=user_video_tab

Количество просмотров: 12