• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Бишкектиктер шаарды деталдуу пландаштырууга каршы чыгышууда

13 Бирдин айы 202011:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн коомдук активисттер, Бишкек шаарынын жашоочулары маалымат жыйын беришип, шаардын инфраструктурасын куруу менен жеке мүлктү алып коюу болуп жатканын айтышты. Алардын айтымында деталдуу пландоону бийлик эл менен ошол эле шаар тургундары менен макулдашуусу керек.

Мындан тышкары мурунку берилген кызыл китептерди жарабайт деп жатышканын билдиришти.

«Шаардын инфраструктурасын курабыз деп жарандардын мүлктөрүн тартып алып жатышат. Мен кайсы күнү келип үйдөн чыгарып салат деп корком. Андыктан биз шаар тургундары деталдуу пландаштыруу долбоорун токтотууну талап кылабыз. Аны кылдат карап чыгуу зарыл», — деди Абакирова.

Мындан тышкары, шаарды деталдык пландаштырууну ишке киргизүү менен жеке мүлктү эч бир кыйынчылыгы жок эле алып коюга жол ачылып жатканын айтышууда. Жана бул пландоо бүдөмүк түрдө түзүлүп элге маалымат жетпей жатканын айттышты.

Количество просмотров: 53