Бишкекте жайгашкан №16 мектептин 2004-жылы туулган окуучусу асынган абалда табылды. Бул тууралуу Бишкек РИИБден тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн катталган. Окуучунун денесин №16 мектептин кароолчусу видео байкоо камерасынын зымына асылган абалда тапкан.
«Иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн окуя орун алган жерге тез арада билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана укук коргоочулар келишкен. Билим берүү башкармалыгынын буйругу менен окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн. Каза болгон өспүрүм 16 жаштагы №64 мектептин окуучусу А.А. экендиги аныкталды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.