27-июлда Бишкек шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул оңдоо иштерине байланыштуу экенин «Түндүк электр» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.
Техникалык оңдоо иштери саат 09:00–19:00 аралыгында болот.
Даректер:
Ак-Өргө конушу (Саманчынын жолу, Алтын Бакан, Сарынжы Бөкөй, Өмүракунов, Ашар, Татыбүбү көчөлөрү);
Касым, Көлмө конушу (Козу-Баглан, Алтын-Бешик көчөлөрү);
Щербаков-1, Щербаков-2 көчөлөрү;
Киев көчөсүнүн №199 дарегинде;
Москва көчөсүнүн №219 дарегинде;
Тыныстанов, Бөкөнбаев, Чуйков, Линейный көчөлөрүнүн тилкелери;
Ак-Босого конушу (Чүй, Саадаев, Профессор Зима, Боталиев, Щербаков, Көкчөтай көчөлөрү);
Ынтымак конушу (Улан, Таалай көчөлөрү);
Чыңгыз Айтматов проспектиси, Фрунзе көчөсү;
Чыгыш-5 кичи районунун №21 дарегиндеги турак үйдө;
7-кичи райондун №1-4, 6, д/с №135 дарегиндеги турак үйлөрдө;
4-кичи райондун №27-31, 33, 35 дарегиндеги турак үйлөрдө;
12-кичи райондун №15,16,19,20,20/2,20/3,20/4 дарегиндеги турак үйлөрдө электр жарыгы жок болот.