• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкектин бир бөлүгү эмне себептен электр жарыгысыз калганынын себеби айтылды

29 Тогуздун айы 2020 14:04 Бишкек Govori.TV

Буга чейин соцтармак колдонуучулары Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүп калганын жана Бишкек ЖЭБинде көйгөй жаралганын айтышкан.

Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын маалымат кызматы маалымат таратып, жогорку вольттогу подстанциянын чыңалуусу жок болуп кеткендиктен, калаа жарыксыз калганын билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкектин бир бөлүгү башка линияга кошулду. Калаанын чыгыш бөлүгүнө да жакынкы аралыкта электр жарыгы берилет.

Учурда электр жарыгын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, Бишкектин «Чыгыш-5», «Аламүдүн-1», «Туңгуч», борбордун түштүк кичи райондорунда, ЦУМ, филармония, Политех, «Түштүк-2», Төмөнкү Ала-Арча жакта жарык өчкөн.

Количество просмотров: 172