• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкектин бир бөлүгүндө эки күн катар таза суу өчүрүлөт

16 Чын куран 202411:02 Бишкек Govori.TV

Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маадыматка ылайык, Жал кичи районунда жана Арча-Бешик конушунда диаметри 600 мм болгон магистралдык суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу 2024-жылдын 17-18-апрелинде муздак суунун убактылуу өчүрүлүшү күтүлөт.

Өчүрүү 17-апрелге саат 08:00гө белгиленген.

Бул капиталдык оңдоонун максаты келечекте жашоочуларды жана ишканаларды натыйжалуу суу менен камсыздоо болуп саналат.

“Бишкексууканал” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды суу камдап алууларын өтүнөт.

Количество просмотров: 174