• Жума 3 Бештин айы 2021

Бишкектин бир гана жеринде көмүр 3 миң сомдон сатылууда (дареги)

16 ноября 2021 в 9:49 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 16-ноябрдан тартып Бишкек шаарында төмөн баада көмүр сатылып баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мурманская 1Б/1 дарегинде көмүрдүн 1 тоннасы 3 миң сомго сатылат. Көмүрдү арзан баада алууну каалагандар көп болору божомолдонуп жатканына байланыштуу, бир үй-бүлөгө эң көп 2 тонна гана көмүр сатылат. 1-декабрдан тартып бул чектөө алынат.

Количество просмотров: 271