• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бишкектин борбордук бөлүгүндө газ убактылуу өчүрүлөт

17 Тогуздун айы 201912:30 Бишкек Govori.TV

21-25-октябрь күндөрү Бишкектин борбордук бөлүгүндө газ убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриядан белгилешкендей, газ шаардын Калык Акиев, Шопоков көчөсү жана Жибек-Жолу, Чүй проспекттери менен чектелген бөлүгүндө убактылуу өчүрүлөт. Жалпы 4 миң 226 абонент көгүлтүр отсуз калат.

Газды өчүрүү жер алдындагы газ түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу болууда.

Количество просмотров: 29